Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Зардалыдагы жарылуудан дагы бир бала ооруканага түштү


Зардалы айылы. Баткен, 24-июль, 2009
Зардалы айылы. Баткен, 24-июль, 2009
Баткен облустук ооруканасынан “Азаттыкка” билдиришкенге караганда, Зардалыда жарылуу болгон жерде алты баладан башка дагы бир бала болгон, ал жарылуу болгондо таштын артына жашынууга үлгүргөн. Жума күнү жетинчи баланы да Баткендеги ооруканага жаткырышкан. Анын абалы жакшы.

Учурда жараат алган 3 балага Баткенде, бирөөсүнө Ош облустук ооруканасында операция жасалды.

17-апрелде Зардалыдагы “Коргон” чек ара тозотунда 4-10 жаштагы жети тестиер бала белгисиз жарылуучу зат таап алып, аны менен ойноп жатканда жарылып кеткен. Андан эки бала каза болгон. (JsA/SA)

XS
SM
MD
LG