Парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинде 2013-жылдагы адам укуктарынын абалы боюнча акыйкатчынын баяндамасы бүгүн каралат. Парламент баяндаманы өткөн жумада угуп, бирок бир жактуу чечим чыгара албай, маселени комитетке кайтарган эле. Баяндама боюнча парламентте карама-каршылыктуу пикирлер айтылган. (AiT)