Линктер

бейшемби, 29-июнь, 2017 Бишкек убактысы 20:29

Ош шаарына газ бериле элек


Бул тууралуу "Кыргызгазпром" ишканасынын Оштогу филиалынын жетекчисинин орун басары Зина Азимкулова «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, учурда орусиялык “Газпром” ишканасы өзбекстандык “Узтрансгаз” ишканасы менен калаага газ берүүнү жандантуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Анда негизги маселе катары газдын баасы каралууда.

“Узтрансгаз” Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнү 14-апрелде токтоткон. 10-апрелде Бишкекте “Кыргызгазды” “Газпромго” биротоло өткөрүп берүү боюнча документке кол коюлгандан кийин өзбек тарап ушундай кадамга барды.(BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG