Казан - Түрк дүйнөсүнүн маданий баш калаасы
26-апрелде Муса Жалил атындагы татар опера жана балет театрында 2014-жылы "Казан шаары Түрк дүйнөсүнүн маданий баш калаасы" деп расмий жарыяланды. Жыл сайын Эл аралык “Түрксой” уюму бир борборго “маданий баш калаа” макамын берип, түрк элдеринин маданиятын жана салттарын өнүктүрүүнү көздөйт.