Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Оппозиция журналистти чектеген мыйзамды сындады


Улуттук оппозициялык кыймыл президент Алмазбек Атамбаевге кайрылып, жалган маалымат тараткандарды кылмыш жообуна тартуу тууралуу мыйзамга кол койбоого чакырды. Бул тууралуу аталган кыймыл дүйшөмбү күнү тараткан билдирүүдө айтылат. Оппозициялык кыймыл мыйзам долбоор Конституциянын 31-беренесине каршы келерин жана өлкөдөгү демократиялык өзгөрүүлөргө тоскоол болорун эскертүүдө.

- Эгер президент кол коюп, мыйзам күчүнө кирсе анда Кыргызстан сөз эркиндигин чектеген авторитардык өлкөгө айланып, эл аралык кадыр-баркы төмөн түшөт. Катаал мыйзам менен авторитардык башкаруу аркылуу кыргыз элинин эркин ой жүгүртүүсүн, эркиндикке умтулуусун чектөө мүмкүн эместигин 2005-жылдын март жана 2010-жылдын апрелиндеги революциялык өзгөрүүлөр далилдеди, - деп айтылат билдирүүдө.

"Кылмыш жасады" деп бирөө тууралуу жалган маалымат тараткан журналистти кылмыш жообуна тартуу боюнча мыйзам долбоору 16-апрелде парламентте кабыл алынган болчу. Ага бир катар эл аралык жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдар каршылыгын билдирип келет. (BkA)

XS
SM
MD
LG