Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:55

АКШ Азербайжанда активисттердин соттолуусуна тынчсызданууда


Өткөн жылы март айында Бакуда массалык башаламандык жасаган, курал жана баңги заттарын алып жүргөн деген айып менен оппозициялык кыймылдын мүчөлөрү соттолууда. Өкмөткө каршы акцияга катышкан кыймылдын сегиз мүчөсүн алты жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратууну прокурор сурады. Соттук жараян 1-майда уланат.

Соттолуп жаткандар жана алардын энелери ачкачылык жарыялашкан. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Жен Псаки активисттердин соттолуусуна байланыштуу маселе Азербайжандын расмий адамдары менен жолугушууларда сегиз ирет козголгонун билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG