Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:46

Кыргыз-казак чек арасында күйүүчү май ташыган вагондор токтоп турат


18-апрелден тарта Казакстандын "Луговое" темир жол станциясында Кыргызстанга ташылып келе жактан 240 вагон күйүүчү май өтө албай турат. Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов билдирди. Анын айтымында, вагондорду документтер толук эмес деген жүйө менен Казакстандын бажысы кармап жатат. Учурда сүйлөшүү жүрүп жатат.

Куловдун айтымында, Кыргызстанга айына 80 миң тоннага жакын күйүүчү май кирип турат. Ал эми Казакстанда күйүүчү майдын кармалышынан акыркы айда 14 миң тоннага аз кирди.(BkA)

XS
SM
MD
LG