Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Ооганстандын түштүк-чыгышында 60ка жакын согушкер жок кылынды


Ооганстандын түштүк-чыгышында Пакистан менен чектеш аймакта Батыштын аба күчтөрү көмөктөшкөн өкмөттүк аскерлер менен кармашта 60ка жакын согушкер жок кылынды. Өлкөнүн коопсуздук мекемесинин маалымдаганына караганда, салгылашуу "Хаккани" радикал уюмунун 300дөй тобу Пактика провинциясындагы айрым аскердик постторду күч менен басып алууга аракет жасаганда башталган. Ооганстандын Коргоо министрлиги беш аскер кызматкери каза таап, алтоо жараат алганын айтууда.

«Хаккани» тобунун экстремист мүчөлөрүн ооган-пакистан чек арасынын эки тарабынан тең көп кезиктирсе болот.

XS
SM
MD
LG