Линктер

жума, 23-июнь, 2017 Бишкек убактысы 21:46

Хошимин: Кыргызстан-Өзбекстан футзал командалары беттешет


Кыргызстан менен Өзбекстандын тандалма командаларынын Азия чемпиондугу үчүн алгачкы финалдык беттешүүсү бүгүн кечинде болот. Он төрт оюнчудан турган кыргызстандык футзал командасынын кийинки беттешүүлөрү Жапониянын жана Түндүк Кореянын Д тобундагы атаандаштары менен болот. Бул тууралуу “Азаттыкка” өлкөнүн футзал бирикмесинин жетекчиси Ырыскелди Мусаев билдирди.
Футзал боюнча Азия чемпиондугу үчүн финалдык оюндар Вьетнамдын Хошимин шаарында 30-апрелде башталды. Ага 16 өлкөдөн тандалма командалар катышып жатат.
Вьетнамда 2005-жылы өткөн Азия чемпионатында кыргызстандыктар үчүнчү орунду алып, коло медалга ээ болушкан. (КМа)

XS
SM
MD
LG