Жогорку Кеңеш депутаттары аймактарды 12-майдан 16-майга чейин кыдырышат. Бир апта ичинде эл өкүлдөрү шайлоочулар менен жолугушуп, жергиликтүү маселелер менен таанышып кайтышат. Шайлоочулар менен жолугушуу чечими парламенттин шаршембидеги жыйынында кабыл алынган. Бул тууралуу Парламенттин маалымат кызматы кабарлады. (BkA)