Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:10

Донецкте орусиячыл жикчилер прокуратура кеңсесине чабуул коюшту


Окуя болгон жерден түшкөн маалыматтарга караганда, алар прокуратура имаратын курчап турган коопсуздук кызматкерлерине таш ыргытышты.

Полиция көздөн жаш агызчу газ жана тарсылдак гранаталарды колдонду. Айрым демонстранттар полицейлердин калкандарын жулуп алышты.

Бул кагылыштын алдында бир нече жүз адам түзүлгөнү буга дейре жарыяланган Донецк элдик республикасынын желектерин көтөрүп, жүрүш жасашкан болчу.

Прокуратурага чабуул койгондор имараттан Украинанын желегин алышып, ордуна Донецк элдик республикасынын желегин көтөрүштү. (UE)

XS
SM
MD
LG