Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:32

Оторбаев тажик вице-премьери менен жолукту


Бүгүн Казакстандын борбору Астана шаарында өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Тажикстандын биринчи вице-премьер-министри Давлатали Саидов менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкөнүн соода-экономикалык алакаларын жакшыртуу маселелери талкууланды. Оторбаев эки өлкөнүн суу, энергетикалык жаатта кызматташууга мүмкүнчүлүгү кеңири экенин белгиледи.

Муну менен катар премьер-министр Астанага сапарынын жүрүшүндө Бүткүл дүйнөлүк банк, JICA, Азия өнүктүрүү банкынын жетекчилери менен жолукту.

Жоомарт Оторбаевдин Казакстанга иш сапары бүгүн башталган. Анын алкагында өкмөт башчысы Казакстандын премьер-министри Карим Масимов менен жолугуп, эки өлкөнүн кызматташтыгынын орчундуу маселелери жана соода-экономикалык алаканы кеңейтүү боюнча сүйлөшүү өткөрөрү күтүлүүдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG