Ооганстандын түндүгүндө жер көчкүнүн курмандыктарын эскериш үчүн бүгүн аза күтүү күнү жарыяланган. Бадахшан провинциясында 2-майда жер көчүп, Ааб-Барик айылын дээрлик толугу менен басып калган. Кырсыкта курман болгондордун так саны белгисиз. Кечээ ооган бийликтери 300 адамдын өлүмүн тастыкташты, андан мурдараак бул кырсыкта 2,5 миңдей киши каза болсо керек дешкен. Азырынча өлүмү ырасталгандар аз болгону менен, ооган бийликтери курмандыктардын саны дагы өсөт го деп жатышат.
Жумурияттын Кырсыктар боюнча улуттук департаменти бул тоолуу аймакта нөшөрлүү жаандан кийин кайрадан жер көчкү кайталанышы ажеп эмес деп билдирүүдө. Департамент азыр үй-жайсыз калгандардан 700дөй кишини тамак-аш, чатырлар менен камсыздап жатат.