Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Баткен: Маматалиев митингчилер менен жолукту


Коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев Баткенде нааразылык акциясына чыккан тургундар менен жолукту. Аймактагы кабарчыбыз билдиргендей, облустук акимчилик алдына чогулгандар вице-премьерден чек ара маселесин тезинен чечүүнү жана кечээ Баткендин Жака-Өрүк айылындагы чек ара чатагы боюнча күнөөлүүлөрдү жазалоо талабын койду.

Ошондой эле чек арадагы жаңжал учурунда облустук бийлик өкүлдөрү ыкчам аракет көрбөгөнү үчүн өкмөттүн облустагы өкүлү баштаган бир катар бийлик өкүлдөрүн кызматтан алуу маселеси да көтөрүлдү. Маматалиев бул маселелер боюнча өкмөт башчы менен кеңешип чечим кабыл алынарын билдирди. (BkA/JsA)

XS
SM
MD
LG