Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Пакистан түштүгүндөгү зилзалада эки адам курман болду


9-майдагы жер титирөөдө 50дөн ашык адам жарадар болгону кабарланууда. Кубаты 4,3 балл зилзаланын очогу Синд провинциясынын Наваб Шах районунда болгонун АКШнын Геологиялык көзөмөлдөө борбору билдирди.

Аймактын бийликтеринин маалымдашынча, табигый кырсыкта ондогон там-жай зыян тартты, окуу жайлар жабылды, ооруканалар чукул кырдаал абалына өткөрүлдү.

2013-жылы сентябрда Пакистандын Белужистан провинциясында 7,7 баллдык жер титирөө болуп, 376 адам өлгөн жана 100 миңдей адам үйсүз калган.

XS
SM
MD
LG