Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:23

Сарпашев: Ошко газ качан берилери белгисиз


Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Ош облусунун жана шаарынын активисттери менен жолукканда билдирди.

- Маалымат каражаттары бар экенин эске алып айрым маселелерди ачык айта албайм. Өзбекстандын вице-премьер-министри менен сүйлөшүүгө аракет кылып атам. Бирок байланышка чыкпай жатат. Өкмөт да, “Газпром” да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атат. Буюрса чукул арада газ маселеси чечилип калат, - деди Сарпашев. Бирок так качан болорун айткан жок.

Ошондой эле Бажы биримдиги боюнча маалымат берип, “Бажы биримдиги тууралуу элде түшүнбөстүктөр көп Биз бул уюмга киргенден зыян тартпайбыз, мамлекетибиз көз карандысыздыгын жоготпойт", - деп кошумчалады.

Ошондой эле оштук аткаминерлер менен газ, биометрикалык паспорт, Бажы биримдиги, айыл чарба жана Ош шаарындагы эстакада көпүрөсү боюнча маселелерди талкуулады. (ErN)

XS
SM
MD
LG