Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнүн бети ачыла элек


Бул тууралуу журналисттерге ички иштер министринин орун басары Калыбек Сатыбалдиев бүгүн Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча бир катар версиялар каралууда. Шектүүлөр кармала элек.

Бул сыяктуу оор кылмыштар айлап, жылдап тергелиши мүмкүн экенин айткан Сатыбалдиев азырынча кылмыштын бети ачыла электигин кабарлады.

Бишкек шаарынын 19 жаштагы тургуну Камила Дүйшөбаеванын киши колдуу болгон сөөгү ушул жылдын 16-мартында шаардын четиндеги Байтик айылынан табылган эле.(ZB)

XS
SM
MD
LG