Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Боснияда суу ташкын басыла элек


Босния жана Сербиянын айрым бөлүктөрүндө селден кийинки тазалоо иштери жүрүүдө. Сава дарыясы дагы эле кирүүдө. Босния-Герцеговинанын үчтөн бир аймагы табигый кырсык менен күрөшүүдө. Өлкөнүн түндүк-чыгышында 300дөй жер көчкү катталды. Одзак шаарынын жашоочусу Петар Сенкович “Азаттыкка”: "Адамдар колунан келгендин баарын алып чыгышты. Бирок мал жандыктар тузакка түштү. Айлабыз куруду. Дарыя демейдегинден 4-5 метр бийик. Сава дарыясынын деңгээли өтө коркунучтуу болууда. Биз дагы канчага чыдайбыз билбейм. Наныбыз бар, бирок бизге сүт керек, балдар үчүн тамак, тамак керек. Бул жакшы эмес,” - деди.

Акыркы күндөрү болгон суу ташкындан Сербияда 16 адам, Боснияда 27 жана Хорватияда 1 адам набыт болгону ырасмий маалымдалды. Бул үч өлкөдө күн ысып кеткенге байланыштуу суу ташкында өлгөн миңдеген мал жандыктардын тарпы, ылай суу жугуштуу оорулардын жайылышына алып барат деген чочулоо күчтүү.
Босния өкмөтү сел 1992-95-жылдардагы согушта миналанган жерлерди жууп, коркунуч жөнүндө эскерткен белгилерди алып кетет деп кооптонууда.

XS
SM
MD
LG