Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

Аксыда акимге каршы митинг өттү


Бүгүн райондун Кара-Жыгач айылында район акимин кетирүү талабы менен митинг өттү. Бул тууралуу акциянын уюштуруучуларынын бири Батырбек Кыдыев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, акцияга 500гө жакын киши катышты. Бирок райондук милициядан акцияга 100гө чукул адам келгенинин кабарлашты. Акция катышуучулары район акими Медет Айдаралиев өз милдетин аткара албай, жергиликтүү тургундарды уруу-уруу кылып бөлүп-жарып жатат деп айыптап, кызматтан кетишинин талап кылышты.

Чогулгандар менен райондук акимияттын жалпы бөлүмүнүн башчысы Нуртаза Мамбетов жолугуп, айтылган талаптарды акимге жеткирерин убада кылды. Митингчилер акырында акимге 5 күн мөөнөт чектеп тарап кетишти. (RsK)

XS
SM
MD
LG