Линктер

жума, 23-июнь, 2017 Бишкек убактысы 00:49

Жумгалда каза болгон милиционер жерге берилди


Нарындын Жумгал районунда сот залындагы кол салуудан соң каза болгон милиция кызматкери Рустам Токтогуловдун сөөгү бүгүн Бишкекте жерге берилди. Бул тууралуу Жумгал райондук милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 30 жаштагы Токтогуловдун үй-бүлөсү Бишкек шаарында жашаган.

Былтыр Кара-Кече көмүр кенинде каза тапкан Айбек Мамбеталиевдин өлүмүнө Рустам Токтогулов баш болгон үч милиционер айыпталган.

20-февралда маркумдун жакындары Жумгал райондук сотунун залында аларга бензин чачып, өрттөгөнгө аракет кылган. Бул кол салуудан качкан Токтогуловдун сууга түшүп кеткени айтылган. Эки күн мурун Токтогуловдун сөөгү Жумгал суусунан табылды. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, 10 адам камакка алынган. (BkA/ZB)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG