Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:15

Шотландияда кыргыз жазуучусунун китебинин бет ачары өттү


Британ премьери Дэвид Кэмерон жана Шахсанем Сартова-Мүррей.
Британ премьери Дэвид Кэмерон жана Шахсанем Сартова-Мүррей.
Шотландия борбору Эдинбургда 23-майда котормочу жана жазуучу Шахсанем Сартова-Мүррейдин англис тилиндеги "Ыйык ашуулардын издери" (Finding the Holy Path) китебинин бет ачары өттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Шотландиядагы Борбор Азия маданий борбору кабарлады. Иш-чарага Шотландиядагы чет элдик адабияттын күйөрмандары, маданий ишмерлер жана кыргызстандыктар катышты. Китептин бет ачары кыргыз ыр-бийлери менен коштолду.

Көркөм чыгарма Британияда жарык көрүп, окурмандарга 8-майда Лондондо тартууланган. Бул – Сартова-Мүррейдин биринчи көркөм чыгармасы. Британ падышалыгынын курамына кирген Шотландияда жашаган кыргыз жазуучусунун китебинде Тагай бийден тараган урпактар, шотланд урууларынын талаш-тартышы, эки калктын маданиятынын окшоштугу, тарыхы жана сүйүү тууралуу баян камтылган.

"Ыйык ашуулардын издери" чыгармасы Эдинбургда кокустан табылган эски чырактан жана ал чырак Фергана өрөөнүнөн Шотландияга кандайча барып калганынан башталат. Британ адабий сынчылары аталган китепке өздөрүнүн жогорку баасын берип, окуянын уландысын чыдамсыздык менен күтөрүн билдиришти. (BAz)

XS
SM
MD
LG