Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:57

Быйыл күч кызматкерлери үчүн дагы 15 үйдүн курулушу башталат


Турак жайдын курулушуна сарпталуучу акча табылганын белгилеген мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өкмөттүн жай иштеп жатканына нааразылыгын билдирди:

- Ошол он беш үйдүн акчасы келгенине эки айдын жүзү болду, акчасын да алып келдик. Өкмөт эми токтом чыгарганга шашпай жатат, тырмактай эки баракты эки күндө чыгарып койсо болот. Бул кайгыртат.

Мамлекет башчы быйыл курулушу аяктап, ачкычы чек арачыларга тапшырылган үй тууралуу токтомго 2007-жылы өзү өкмөт башчы болуп турганда кол коюлуп, башталганын да белгилеп, бирок курулуш минтип 7-8 жылдап созулбашы керектигин айтты.

Алмазбек Атамбаевдин айтуусу боюнча жаңы он беш көп кабаттуу үйдүн алтоо Кыргызстандын түштүгүнө, калгандары борбор калаага курулат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG