Линктер

шейшемби, 26-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:15

Өкмөт башчылар кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулады


Премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен тажик өкмөт башчысы Кохир Расулзаданын жолугушуусу Минск шаарында болду. Алар чек ара аймактарында маданий-гуманитардык багыттагы иш-чараларды көбөйтүү зарыл экенин, бул үчүн эки тарап чогуу аракет кылышы керектигин белгилешти.

Өкмөт башчылар эки мамлекеттин ортосунда карама-каршы саясий көз караш жоктугу чек арадагы талаш жерлерди тактоодо оң натыйжа бериши зарылдыгын айтышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн Минск шаарында КМШ мамлекеттеринин премьер-министрлеринин жолугушуусу өтүп жатат. (SE)
XS
SM
MD
LG