Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:29

Президент Түштүк Кореядан жардам алуу боюнча мыйзамга кол койду


Кыргызстан менен Түштүк Кореянын өкмөттөрүнүн ортосундагы кайтарымсыз жардам жөнүндө макулдашуу ратификацияланды.

2013-жылдын 19-ноябрында Сеул шаарында кол коюлган “Түштүк Кореядан кайтарымсыз жардам алуу жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 31-май күнү кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 28-майда кабыл алынган.

Тышкы иштер министрлигине макулдашуунун күчүнө кириши үчүн тийиштүү жол-жоболор аткарылганы жөнүндө Түштүк Корея өкмөтүнө кабарлоо милдети тапшырылды.

Бул тууралуу Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам расмий жарыялангандан тарта 10 күндөн кийин күчүнө кирет.(SE)

XS
SM
MD
LG