Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:22

Алайдагы жол тосуу уланууда


Жол буугандар боз үй тигип жатышат. 29-май, 2014
Жол буугандар боз үй тигип жатышат. 29-май, 2014
Жол тосулган жерде жүргөн кабарчыбыз Эрнис Нурматовдун айтымында, азыр бул жерде 300 чакты адам бар. Жолдун ортосуна 7, боюна 3 боз үй тигилген. Тосулган жолдун эки тарабында жалпысынан жүздөн ашуун жүк ташуучу машине турат. Жеңил машинелердин көбү артка кайтып кетүүдө.

Жол тоскондор менен бүгүн Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Курманбек Осмонов жолугушуп, алардын талабы туура экенин айтып, бирок ар кандай чагымдарга алдырбоого чакырды.

Камактагы депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери Ош - Эркеч-Там жолун Алайдын Сопу-Коргон айылынын тушунан 27-майдан бери бууп турат. Алар депутатты үй камагына чыгарууну талап кылышууда. (SM)

XS
SM
MD
LG