Кытайдын улуттук мунай корпорациясы Түркмөнстандан жаратылыш газы Өзбекстанга 31-майдан тарта жөнөтүлө баштаганын кабарлады. 1830 чакырымга созулган куур аркылуу 2015-жылдын этегине чейин 25 млрд.куб.метрге чейин газ өткөрүлүшү керек. Анын 10 миллиарды Түркмөнстандан, ушундай эле көлөмдө көгүлтүр от Өзбекстандан, ал эми Казакстандан 5 млрд.куб.метр газ жөнөтүлүшү керек.
Буга чейин эки башка куур 2009-2010-жылдардан тарта иштей баштаган жана жылына алар аркылуу дээрлик 28 млрд.куб.метр газ өтөт. 2015-жылдын аягына чейин Борбор Азиядан Кытайга жөнөтүлчү газдын көлөмү жылына 55 млрд.куб.метрге жетээри күтүлүүдө.