Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:04

Кыргызстандын түштүгүндө цемент тартыштыгы жоюла элек


Учурда Кыргызстандын түштүк облустарында цементтин килограммы 10 сомдон өйдө болуп жатат. Буга 20-майда Кызыл-Кыядагы цемент заводунун биринчи от казаны иштен чыгып, өндүрүш токтоп калышы себеп болгон. Завод өкүлдөрүнүн айтымында, 1-июнда иштен чыккан тетик алмаштырылып, сыноо иштери ийгилүктүү аяктаган. Андыктан 9-июндан баштап цемент өндүрүү кайрадан өз нугуна түшүшү мүмкүн. Бул завод иштеп турган маалда Ошто цементтин баасы 6 сом 30 тыйын болчу.

Учурда цемент кымбаттыгынан улам түштүк аймактарда курулуш токтоп, курулуш материалдарын чыгарган ишканалардын, аларды тейлеген тармактардын иши солгундап кетти.

Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаевдин "Азаттыкка" билдиришинче, азыр цемент кымбатташына себеп жок. Болгону Кызыл-Кыя заводу ишке киргенче ошол аймактарда курулуш иштерин токтото туруу керек. Анын айтымында, цементтин заводдон чыккан баасы 5 сомдун тегерегинде.

Кыргызстанды цемент менен 3 ири завод камсыз кылат. Алардын эң чоңу жылына 1 млн. 200 миң тонна цемент өндүргөн Кант заводу. Бул завод көбүнчө түндүк аймактарды камсыз кылат. Ал эми түштүктү жылына 800 миң жана 300 миң тонна цемент өндүргөн Кызыл-Кыя жана Араван заводдору камсыздайт.

Бишкек шаарында жана анын тегерегинде учурда цементтин баасы 7 сомдун тегерегинде. (YI/UEz)

XS
SM
MD
LG