Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:33

Путин жана Порошенко булоонду тез токтотууга үндөштү


Орусиянын президенти Владимир Путин жана Украинанын президенти Петро Порошенко Украинанын чыгышындагы кандуу булоонду токтотууга чакырышты. Бул жөнүндө Кремл маалымдады.

Путин жана Порошенко Экинчи Дүйнөлүк согушта Норманияда экинчи фронттун ачылганынын 70 жылдыгына арналган салтанаттан тыш мезгилде 15 мүнөткө кездешти. Порошенко 25-майда президент шайлангандан бери Путин менен биринчи жолу кездешти.

70 жылдык маараке Москванын Украинадагы аракеттерине байланыштуу Орусия-Батыш арасындагы мамиле курчуп турган учурга дал келди.

Орусия жана Украина президенттери жолугушса, глобалдык чыңалуу басаңдайт деген үмүттө аларды кездештирүү үчүн көп дипломаттык аракеттер жасалды.

Франциянын президентинин кеңсеси билдиргенге караганда, мааракеден тыш убакта Владимир Путин жана Барак Обама учкай кездешип сүйлөшкөнү маалымдалды.

XS
SM
MD
LG