Бишкекте 6-июндан бери борбор калааны өнүктүрүү, көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча “Бишкек Урбан Форум” аттуу жыйын өтүүдө. Бул тууралуу жыйынга көз салып жаткан кабарчыбыз билдирет.
Анда Бишкектин башкы планынын көйгөйү жана келечеги, шаардагы экологиялык абал, транспорт ж.б. орчундуу маселелер талкууланууда.
Форумга жергиликтүү эксперттер, Кыргызстандын шаар башчылары келишкен. Андан тышкары, Грузия, Германия, Нидерланды, Орусиядан коноктор чакырылып, алар өз шаарларында чечилген көйгөйлөр боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүүдө.
Форумдун жыйынтыктоочу бөлүгүндө шаарды өнүктүрүү боюнча конкурска сунушталып, финалга чыккан долбоорлор коомчулукка тааныштырылат. Ошондой эле, айтылган сунуш-пикирлерди мэрия багыттама катарында колдонорун билдиришти. (MTo)