Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:49

Керри: Орусия жикчилерди курал таштоого ынандыра алат


АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри Украинадагы создуккан кризис токтосо Вашингтон Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизбей турганын билдирди. Керри Франциянын түндүк-чыгышында эс алып жүрүп журналисттердин суроолоруна жооп берди. Ал Украинада «ок атышууну токтотуу» режимин киргизүү жана Орусия жикчилерди куралын таштоого жана ээлеп турган имараттарын бошотууга ынандыра алышы дагы мүмкүн экенин белгиледи.

Буга чейин Батыш өлкөлөрү эгер Орусия башка мамлекеттер менен украин кризисин жөндөө боюнча кызматташпаса, анда жаңы санкциялар киргизилип, ал өлкөнүн экономикасынын маанилүү тармактарына таасир этерин билдирген.

XS
SM
MD
LG