Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Карачи аэропортунда салгылашуу уланууда


Пакистан -- Карачи аэропорту, 9-июнь, 2014
Пакистан -- Карачи аэропорту, 9-июнь, 2014
Бүгүн Карачи аэропортун кайтарган коопсуздук күчтөрүнүн машыгуу борборуна согушкерлер кол салды. Алгачкы маалыматтар боюнча, андан борбордун беш өкүлү набыт болду. “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна белгилүү болгондой, аэропорттогу бардык аба каттамдар токтотулду.

Аэропортту кайтарган коопсуздук күчтөрүнүн машыгуу борбору мурдагы күнү согушкерлердин чабуулуна кабылган Карачинин аэропортуна жакын жайгашкан.

Кечээ күнү имараттын ичинен дагы 7 адамдын сөөгү табылган. Согушкерлер менен болгон салгылашуунун жалпы курмандыктарынын саны 34гө жетти.

9-июндагы чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө Пакистандагы “Техрик э-Талибан” кыймылы алган. Алар өз аракетин өткөн жылы АКШнын учкучсуз башкаруудагы учагынын соккусунан мерт болгон лидери Хакимулла Мехсуддун өлүмү үчүн өч алуу деп түшүндүрүшкөн.

XS
SM
MD
LG