Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Түштүк Кореяда “Севол” кемеси боюнча сот башталды


Түштүк Корея -- "Севол" кемесинде курман болгондорду эскерүү, 27-апрель, 2014.
Түштүк Корея -- "Севол" кемесинде курман болгондорду эскерүү, 27-апрель, 2014.
Түштүк Кореядагы Кванджу шаарынын соту апрель айында чөгүп кеткен “Севол” кемесинин экипажынын 15 өкүлүнүн ишин карап баштады. Апрель айында чөгүп кеткен кемеде курман болгондордун саны 292ге жеткен, 12 адам дайынсыз. Алардын көпчүлүгү деңизге саякатка чыккан мектеп окуучулары эле.

Кеменин капитаны Ли Чжун Сок жана экипаждын үч өкүлү “атайлап шалаакалык кылган” деген кине менен айыпталышууда. Алардын күнөөсү далилденсе өлүм жазасына тартылышат. Экипаждын башка өкүлдөрүнө “деңиз мыйзамдарын сактабагандык” жана “шалаакылык” деген айып тагылууда.

Апрель айынын аягында бул кырсыкка байланыштуу Түштүк Кореянын премьер-министри Чон Хон Вон өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

XS
SM
MD
LG