Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

Ажылыкка барчуларды тандоо башталды


Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы ажылыкка катталган жарандарды чүчү кулак жолу менен тандоо жараянын баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” муфтияттын басма сөз катчысы Асан Саипов кабарлады. Анын айтымында, бүгүн Токмок шаары жана Ысык-Ата району боюнча катталгандар тандалууда. Эртең бул жараян Чүй өрөөнүнүн Москва районунда улантылат.

Буга чейин муфтийдин орун басары Замир Ракиев быйыл ажылыкка баруу үчүн катталгандардын саны 8 миңден ашканын билдирген. Каттоо бир айга созулуп, 12-июнда аяктаган болчу. Сауд Арабия быйыл Кыргызстанга ажылык үчүн 3680 орун бөлгөн. Мындан улам каттоодон өткөн адамдар чүчү кулак жолу менен гана тандалары айтылган. Зыяратчылар сентябрь айынан тарта Мекеге жөнөй баштайт.

Муфтият ажылык сапарга пара берип барган туура эместигин жана ал адамдын ажылыгы кабыл болбой турганын эскертти. Буга чейинки жылдарда ажылык зыяраты чыр менен коштолуп, коррупциялык иштерге жол берилгени айтылып келген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG