Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

Түркияда оппозиция президенттикке талапкерин тандады


Түркиядагы негизги эки оппозициялык партия август айында боло турган президенттик шайлоодо бирдиктүү талапкер менен чыгууну чечти. Республикалык элдик партия жана Улуттук кыймыл партиясы Ислам кызматташуу уюмунун мурунку жетекчиси Экмеледдин Исханоглунун талапкерлигин көрсөтүштү. Исханоглу өз кезегинде сунушту “ыраазылык жана урматтоо” менен кабыл алганын билдирди.

Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдогандын да президенттик шайлоого катышуусу күтүлүүдө. Бирок ал өзүнүн чечимин жарыялай элек. Бул ирет түрк жарандары президентти биринчи жолу түз шайлашат. (AiT)

XS
SM
MD
LG