Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

АКШда Гуревич беш жылга кесилди


Евгений Гуревич "Азаттыкка" маек курууда, Бишкек, 14.10.2009
Евгений Гуревич "Азаттыкка" маек курууда, Бишкек, 14.10.2009
Бакиевдердин мурдагы финансылык кеңешчиси Евгений Гуревичти 6 миллион доллардык көз боёмочулук кылган деп таап, АКШда сот беш жылга эркинен ажыратты. Блумберг экономикалык жаңылыктар агенттиги жазгандай, Бруклиндеги оодандык сот Алин Росс «жеке адамды да, америкалык тергөөчүлөрдү да чакмак алган» Гуревичтин «оор кылмышка» баргандыгын билдирди. Гуревичтин Кыргызстанда өз өмүрү үчүн камтама болуп, дагы башка кыйынчылыктарга туш келгенин белгилеген адвокаты ага беш жылды шарттуу берүүнү сураган эле. Гуревичтин апелляциялык сотко кайрылаар-кайрылбасы кабарланган жок. Гуревичтин досу Максим Бакиевге каршы АКШда ачылган кылмыш ишти былтыр прокурорлор түшүндүрмө бербестен токтотуп салган.

XS
SM
MD
LG