Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Ирактагы согуштун курмандыктары көп болууда


Иракта коопсуздук күчтөрүнүн "Ирактын жана Леванттын исламдык мамлекети" деп аталган суннилердин уюшмасы менен кагылышуулары уланып жатат. Армия билдиргендей, өткөн түнү согушкерлер Багдаддан болгону 60 чакырым аралыктагы Бакуба шаарына басып киришти, бирок бүгүн алар сүрүлүп чыгарылды. Тургундар жана бийликтер Бакубада көп сандагы киши өлгөнүн, анын ичинде түрмөдө көп айыпкерлер өлтүрүлгөнүн билдиришүүдө.

Сунни, шийилер аралаш жашаган Бакубада америкалык оккупациянын мезгилинде көп кан төгүүлөр болгон эле. Согушкерлер Тал-Араф шаарынын басымдуу бөлүгүн, Мосул, Тикрит шаарларын басып турушат.

Кошмо Штаттары Багдаддагы элчилигин кайтарууга 300гө чукул аскер жайгаштырды. Ирактын өкмөт башчысы бүгүн Левант уюшмасын колдойт деп Сауд Арабияны айыптаган билдирүү жасады.

XS
SM
MD
LG