Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики өкмөттүк күчтөр өлкө түндүгүнүн бир топ бөлүгүн басып алган “ал-Каида” менен байланышы бар топко “сокку урганын” айтты. 18-июнда премьер ал-Малики мамлекеттик каналда сүйлөгөндө сунни согушкерлери өлкө түндүгүнө чабуул коюшу Ирактын улуттук биримдигин чыңдады деп белгиледи.
“Ирак жана Леванттагы ислам кыймылы” (ИЛИМ) тобунун согушкерлери ушул ай башында түндүктөгү бир катар шаарларды басып алган соң баш калаа Багдадды көздөй жыла баштаган.
Өкмөттүк күчтөр Сирия менен чек арага жакын Тал-Афар шаарынын бир бөлүгүн кайра алышканы жана Найжидеги мунай иштетүүчү заводду коргоп калышканы кабарланды. Ал ортодо Индиянын Тышкы иштер министрлиги Мосул шаарында 40 индиялык куруучу уурдалганын билдирди.