Жогорку Кеңеш депутат Акматбек Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Жогорку Сотко өтүнүч кат жолдойт. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ата-Журт” фракциясынын лидери Жылдызкан Жолдошова билдирди. Өтүнүч кат жолдоо боюнча токтомдун долбоору бүгүн парламенттин жалпы жыйынында кабыл алынды.
Жолдошованын айтымында, токтом Келдибековдун ден соолугуна байланыштуу медициналык экспертизанын жыйынтыгынын негизинде, Конституцияга ылайык кабыл алынды.
Келдибеков коррупцияга шектелип, өткөн жылдын күзүндө камакка алынган. Андан бери төрт жолу буту жана колунан операция болду. (SE)