Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:08

Путин: Украин кризиси - Батыштын ооздуктоо саясатынын натыйжасы


Орусиянын президенти Владимир Путин Батышты “Украин кризисин пайдаланып, бүтүн регионду бейстабилдештирүүгө аракет кылып жатат” деп айыптады. Путин бүгүн чет өлкөлөрдөгү орусиялык элчилер менен Тышкы иштер министрлигинде өткөн жыйында сүйлөп, Украинадагы окуялар “дүйнөдөгү негативдүү тенденциялардын жеткен чеги", Батыштын Орусияны "ооздуктоо саясатынын" натыйжасы деп атады.

Ал орус өкмөтү мындан ары да башка мамлекеттердеги орус улутунун өкүлдөрүн коргош үчүн саясий, экономикалык жана гуманитардык саясатын уланта берээрин белгиледи. Украин президенти Петро Порошенко тууралуу "Мен батыштык өнөктөштөрүм менен Порошенко мырзаны тынчтыкка карай жол согуш аркылуу эместигине көндүрө албай койдук", - деди Путин.

XS
SM
MD
LG