Бразилиядагы Дүйнөлүк футбол чемпионатында күчтүүлөр иргелүүдө. 1-июлда Аргентина Швейцарияны 1:0, Бельгия АКШны 2:1 эсебинде жеңди. Эки беттешүүнүн негизги 90 мүнөтү “ит жыгылыш” менен бүтүп, жеңүүчүлөр кошумча 30 мүнөттө аныкталды.
Эми чейрек финалда 4-июлда Франция - Германия, Бразилия - Колумбия, 5-июлда Аргентина - Бельгия жана Нидерланддар - Коста-Рика күч сынашат.