Путиндин айтымында, Орусия сырткы дүйнөдөн обочодо калбашы керек:
- Биз эч качан изоляциялануу саясатына жол бербейбиз. Биз дайым эл аралык коомчулуктун катарында болобуз. Бул коомчулук татал жана ар тараптуу, биз улуттук кызыкчылыктарыбызды туура аныктап, улуу муундан таалим алып, Ата Мекендик согушта жеңген муундан өз кызыкчылыктарыбызды коргоону үйрөнүшүбүз керек. Биз бул жаатта туруктуу жана бир эле мезгилде, адеп-ахлактын чегинде иш алып барышыбыз керек, - деди Орусиянын президенти бүгүн Москвада сүйлөгөн сөзүндө.
Москва Крымды Украинадан аннекциялап алгандан бери өлкөнүн Батыш менен алакасы начарлап кеткен эле.