Линктер
Мазмунга өтүңүз
Навигацияга өтүңүз
Издөөгө салыңыз
Жаңылыктар
Кыргызстан
Кыргызстан
Саясат
Экономика
маданият
Дүйнө
Дүйнө
Борбор Азия
Украина
Атайын иликтөө
ТВ программалар
Бүгүн Азаттыкта
Эксперттер талдайт
Биз жана дүйнө
Данисте
Эже-сиңдилер
Азаттык+
Ыңгайсыз суроолор
Подкаст
Өзгөчө пикир
Русский
Онлайн шерине
ЭЕ/АРнун бардык сайттары
Издөө
РУС
Эфир
Эфир
Издөө
Артка
Алдыга
ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31
Миң кырдуу дүйнө
Алтайдагы той
11-Июль, 2014
Алтай жергесине болгон сапарыбызда “Алтай той” болот экен дегенди угуп, Монголияга чектеш жайгашкан Кош-Агач (кыргызча Кош-Дарак деген мааниде) айылына жөнөдүк. (Аида Арстаналиеванын атайын "Азаттыкка" даярдаган сүрөт баяны)
1
Айылдын аталышына себепкер кош дарактар алыста көрүнөт. Мында болсо ошол дарактуу жерден атайын той үчүн алынып келинген чоң бутак куда-кудагыйлар жолугушчу жай үчүн белги катары орнотулган.
2
Той атайы орнотулган дарак түбүнө ысырыктан от жагып, отко ак кебез салып, май тамызуу ырымы менен башталат.
3
Келинчекке арналып тигилген улуттук той кийими кыз тараптан бала тарапка сатылат.
4
Жигиттин жеңелери баштаган топ көшөгөнү көтөрүп, кызды бекиткен үйгө жөө жөнөштү.
5
Эки тараптын жеңелери “соодалашууда”
6
Мурда билсе дагы “Кайсы сөөктөн келдиңер?” деп суроо салт.
7
Кызга той кийимин кийгизүү.
8
Жеңелер болочок абысынын кайын журтуна жөө алып барышты.
9
"Көчмө" көшөгө эми ордун таап, бөлмөнүн бурчуна илинди. Жеңелер арча салынган сүттү жаңы келиндин чачына сүртүп, “эки баш болдуңар” деп экиге бөлүп өрүшөт.
10
Бир койдун толук бышырылган эти салынган чараны үйлөнүп жаткан жигит тизесине коюп тегеретет. Ал учурда тилектер айтылат.
11
Келин чоң чыны менен отко шорпо куят. Оттун алоолонгон жалыны канчалык бийик көтөрүлсө, келин ошончолук жакшы болот деген ишенич бар. Бул жолу жалын шыпка жете алоолонду.
12
Жаңы үй-бүлөгө арналып от жагылат да, ал отко жигит бышкан койдун этин салат.
13
Жакшылыктын “Алтай той” бөлүгүн заманбап той менен улантышат.
14
Тойду башкарган адам келинге тапшырма берип, сынап жаткан учуру.
15
Тойдун урааны: “Сүүш ле ырыс - сүйүү жана ырыскы”
16
Тойдун дасторкону
Алтайдагы той
Сунуш кылынган арга.
Вашингтон сапары: Кыргызстан “Камбар-Ата-1ди” курууга каражат издөөдө
Back to top
XS
SM
MD
LG