Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

Украинада жикчилердин огунан бир аскер курман болду


Украинанын чыгышындагы Луганск облусунда өткөн түнү жикчилердин “Град” жапырт атуучу реактивдүү системасынан аткылоодон бир аскер мерт кетип, 17 күч кызматкери жараат алды. Өкмөттүк аскерлер аларга жооп кайтарып, абадан аткылады.

Өлкөнүн Коргоо министрлиги кабарлагандай, жума күнү сепаратисттердин чабуулунан Орусия менен чек арага жакын жерде кеминде 19 аскер набыт болгон. Министрликтин расмий өкүлү, мындан сырткары, 10-июлдан берки атышууларда 23 аскер окко учканын, 100гө жакыны жараат алганын кошумчалады.

Украинанын президенти Петро Порошенко жума күнү чукул жыйындан кийинки билдирүүсүндө анын өкмөтү ракета чабуулун жасаган сепаратисттерди “таап, жок кыларын” айтты.

XS
SM
MD
LG