Жекшемби күнү чогулган депутаттар төрага, өкмөт башчы жана президентти шайлоо боюнча бир жыйынтыкка келе албагандыктан жарым сааттан кийин тарап кетишти.
30-апрелде болгон шайлоодо азыркы өкмөт башчы Нури ал-Малики башында турган шиит коалициясы жеңишке жетишкен. 2006-жылдан бери өкмөттү башкарып келаткан Маликинин кызматтан кетишин талап кылган күчтөр бар.
“Ирак жана Леванттын ислам мамлекети” уюмунун чабуулунун астында Иракта бийлик башчыларын шайлоонун мааниси артууда. (AiT)