Пактика провинциясында базарда 15-июлда автоунаага салынган бомбанын жарылуусунан 89 киши каза тапты. Генерал Мухамад Захир Азиминин сөзү боюнча, базардагы 20 дүкөн урап, 42 киши жарадар болгон. Бул жарылууга жоопкерчиликти эч ким ала элек.
Ошол күнү эле Кабулда жолго коюлган бомбадан президенттик сарайдын эки кызматкери каза таап, бешөө жарадар болду. Ага жоопкерчиликти талибдер алды. (AiT)