Ооганстанды реконструкциялоо боюнча АКШнын атайын инспектору Жон Сопко өлкөнүн аба күчтөрүнө кошумча жүк ташуучу учактарды берүүнү токтото турууну сунуштады. АКШнын коргоо министри Чак Хейгел жана башка аскер башчыларына кайрылуусунда ал ооган аба күчтөрү мурун берилген эки С-130 учактарын натыйжалуу пайдалана албай жатат деп билдирген. Кошмо Штаттар 100 млн. долларга дагы эки учак берүүнү пландаштырган. (AiT)