Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Жерүй алтын кени боюнча жаңы конкурс өткөрүү сунушталды


Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик Жерүй алтын кени боюнча жаңы конкурс өткөрүүнү өкмөткө сунуштады. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин билдирүүсүнө караганда, өкмөт конкурсту качан өткөрүү жана шарттарын сентябрь айында жарыялайт.

Белгилүү болгондой Жерүй боюнча конкурс өткөн жылы үзгүлтүккө учураган. Жерүй алтын кени боюнча лицензиясы алынып коюлганга байланыштуу казакстандык компания Кыргызстанды 400 млн. доллар доо менен эл аралык арбитражга берген. (AiT)

XS
SM
MD
LG