Куралдуу кол салуудан улам авиакассага таандык 200 миң рублди белгисиз кишилерге тонотуп жиберген кыргызстандык Элдияр Эргешов Москвадагы №1 ооруканада жатат. Жашы 22де, Оштун Өзгөн районунан болот.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына ылайык, касса “КанатЭйр” фирмасына таандык.
Ал иштетип жаткан авиакассага белгисиз бирөөлөр 16-июль күнү кечке жуук курал менен бастырып кирген.
Окуяны Москва милициясы иликтеп жатат. (SE)