Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:50

Нарын футбол боюнча өлкө биринчилигине бара турган командасын тандады


Бүгүн Нарында 14-16 жаштагы балдар арасында футбол боюнча облустук “Достук кубогу” үчүн таймаш жыйынтыкталды. Мелдеш кечээ башталган. Нарын шаарынын стадионунда өткөн сынакка 4 райондун ар биринен бирден жана шаардан 2 команда катышкан. Жыйынтыгында шаардын “Алма-Бак” командасы жеңишке жетип күз айларында Бишкек шаарында өтүүчү оюнга жолдомо алды.

Өлкөнүн футбол федерациясы менен Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги бирге уюштурган мындай мелдештер бардык облустарда өтүп жатат. Облус боюнча мыкты аталгандар Бишкекте күч сынашат. ( TSh )

XS
SM
MD
LG