Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:58

Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагындагы иликтөө аяктады


Кытайлык кыргыз мүнүшкөрлөрүнүн фестивалы. Ак-Чий ооданы, Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагы, КЭР. 2009-жыл (архив).
Кытайлык кыргыз мүнүшкөрлөрүнүн фестивалы. Ак-Чий ооданы, Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагы, КЭР. 2009-жыл (архив).

Кыргызстандык этнограф илимпоздор тобу Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагындагы жайкы илимий изилдөө сапарын жыйынтыктап, атажуртка кайтып келди.

Кыргызстандын Президенттик аппаратына караштуу "Мурас" фонду жана Шинжаңдагы "Манас" илимий изилдөө борбору биргелешип уюштурган бул илимий сапар маалында Артыш, Кашкар шаарларында, Улуу-Чат ооданында, Ак-Чий ооданында (Какшаал өрөөнү), Ыдыраң, Опол, Бостон-Терек, ж.б. айылдарында кытайлык кыргыз санжырачылары, манасчылары, дастанчылары, өлөңчүлөрү, Жусуп Мамайдын мурасын иликтеген илимпоздору, калайык жана бийлик өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Илимий сапарга катышкандар кытайлык кыргыздардын "Гомери" атыккан чыгаан манасчы, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кытайдын "Тоо гүлү" сыйлыгынын эки жолку ээси, маркум Жусуп Мамайдын (1918-2014) 10-июлда өткөрүлгөн кыркылыгына катышып, анын Ак-Чий ооданындагы үй музейин зыярат кылышты жана анын бейитине барып куран окутушту.

Бул илимий сапардын маалыматтары өз алдынча китеп болуп жарыяланмакчы.

Шинжаңдагы "Манас" илимий изилдөө борборунун жетекчиси, профессор Мамбеттурду Мамбетакундун айтымында, август айында Жусуп Баласагын атындагы КУУнун илимпоздор жана студенттер тобу да Шинжаң Уйгур автоном районуна келип, фольклор таануу багытында изилдөө жүргүзүшөт. Быйыл май (бугу) айында кытайлык кыргыз студенттер тобу алгачкы ирет Кыргызстандын бир катар дубандарында фольклор таануу жаатында илимий сапарда болушкан.

(TT)

XS
SM
MD
LG